Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу №6
Казыбек айылындагы Б.Томотоев атындагы маданият үйүнө керектүү жабдыктарын (инвентар) алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылы 29-январында Казыбек айылдык кеңешинин №2 Токтому менен бекитилген «Белгилүү күндөр» үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 75000(жетимиш беш миң) сом пайдаланылбай жаткандыктан, Казыбек айылындагы Б.Томотоев атындагы маданият үйүнө керектүү жабдыктарын (инвентар) алуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылы 29-январында Казыбек айылдык кеңешинин №2 Токтому менен бекитилген «Белгилүү күндөр» үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 75000 (жетимиш беш миң) сом пайдаланылбай жаткандыктан, Кыргыз Республикасынын «Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык. жылдыруу жолу менен 22154100 статьясынан 3112 статьясына которуп 75000 (жетимиш беш миң) сом Казыбек айылындагы Б.Томотоев атындагы маданият үйүнө керектүү жабдыктарын (инвентар) алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялап тиешелүү фирмага которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |