Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2020-жылдын 21-декабры № 34/138
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге түрткү берүүчү гранттын эсебинен кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым кошуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге түрткү берүүчү гранттын эсебинен футбол аянтчасын курууда өздүк салым кошуу жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевдин сунушун угуп жана талкулап чыгып Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өздүк салым үчүн 15 пайыздык 451 450 ( төрт жүз элүү бир миң төрт жүз элүү ) сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндө Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге кичи футбол аянтчасын куруу үчүн долбоорго каражат бөлүп берилсин, акча бөлүп берүү жана 2021-жылдын бюджетине кароо жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | С. Казиев |