Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы
2021-жылдын 19-январы № 35/143
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2021-жылга карата бекитүү жана 2022-2023-жылдарга киреше болүгүнүн болжолдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин төрагасы Кенжебаев Ильяс жана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу бюджети жөнүндөгү Мыйзамдарына негизденип, Каржы министрлиги берген долбоорду, Кенештин туруктуу комиссиясы берген маалыматтарды эске алып, 2021-жылга карата жергиликтүү бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин: 2021-жылдын киреше бөлүгү 7071,0 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 3227,6 мин сомго, тендештирилүүчү грант 3843,4 сомго бекитилсин.
2. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша болугу:
-аппаратка - 3683,7 миң сом
-маданиятка - 937,2 миң сом
-агартууга - 1186,0 миң сом
- бала бакчага - 875,8 миң сом
- жайыт комитети - 388,3 миң сом
Баары : 7071,0 миң сом.
3. 2021-жыл учун айыл аймагынын жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 7071,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 7071,0 миң сомго бекитилсин.
4. 2022-2023-жылдарга жергиликтуу бюджеттин киреше болугунун болжолдуу прогнозу томодогудой бекитилсин:
2022-жылга:
- жергиликтуу салыктар жана жыйымдар 3320,6 миң сомго;
- тендештирилуучу гранттар 3806,8 миң сомго;
Баары 7127,4 миң сомго;
Чыгаша бөлүгү 7127,4 миң сомго;
2023 -жылга жергиликтуу бюджеттин киреше болугу:
- жергиликтуу салыктар жана жыйымдар 3394,6 миң сомго;
- тендештирилуучу гранттар 3842,2 миң сомго;
Баары 7236,8 миң сомго;
Чыгаша бөлүгү 7236,8 миң сомго;
5. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын таштандыларын ташып чыгаруу келишимдин негизинде муниципалдык жеке тейлөөгө кийинки 2жылдан бери өтүп кеткендиктен тазалык жыйымга берилген 21,0 миң сомдук план туура эмес берилгендиги жөнүндө райондук каржы башкармалыгына кат менен кайрылуу жагы өкмөт башчысы А. Мамырбаевге тапшырылсын.
6. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин ар бир статьясы мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы өкмөт башчысы А. Мамырбаевге жана отчет берип туруу жагы бөлүм башчы С.Капаровго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Соодонбеков |