Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы
2021-жылдын 19-январы № 35/146
Кара- Саз айылынын Канат көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги алма бак Канат көчөсүндөгү 20 түтүндүн огороддоруна көлөкө түшүрүп түшүм алууга мүмкүн болбой жаткандыктан кыркууга уруксаат сурап жазган арызынын негизинде Нарын аймактык айлана чөйрөнү коргоо Башкармалыгын жетектөөчү адиси М.Касымовдун актысынын негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Саз айылынын Канат көчөсүнүн тургундарынын арызы канаатандырылып 20 түтүндүн огородуна көлөкө түшүрүп жана чирип калган 366 түп бакты кыркууга уруксаат берилсин.
2. Бактарды кыркуу жана уюштуруу иштерин жүргүзүү жана коопсуздугун кароо жагы туруктуу комиссияга жана ижарачы Мамбеткаимов Бекарстанга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткарууга алуу жагы айыл аймагынын жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
Төрага | Т.Соодонбеков |