Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 37/151
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жазгы көчүп конуу тартибин киргизүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жазгы көчүп конуу тартибин киргизүү жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Мисир уулунун маалыматын угуп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын жайытына 2021-жылга карата сырттан келген мал киргизилбесин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы 1 (бир) баш топоз үчүн жайыт акы 200с белгиленсин.
3. Жайлоогочыкканмалдын санын тактоого айылдык кеңештин депутаттары менен иш алып баруу жагы каралсын.
4. Жайыт бирикмесинин 2021-жылга карата киреше бөлүгүнө чогултуучу жайыт салыгы толугу менен өндүрүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Мисир уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | И.Кенжебаев |