Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 37/154
Кара-Күңгөй айылынын тургуну Шаршеналиев Алтынбектин арызын кароо жөнүндө
Кара-Күңгөй айылынын тургуну Шаршеналив Алтынбек, Кара-Күңгөй айылынын тургуну Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу 1946-1949-жылдары төрт чарбаны бириктирип 8 жыл башкарган Ындыбаев Корообайдын эстелик-бюстун айыл өкмөттүн кеңсесинин алдына коюу тууралуу жазган арызынын негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Күңгөй айылынын тургуну Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу 1946-1949-жылдары төрт чарбаны бириктирип 8 жыл башкарган Ындыбаев Корообайдын эстелик-бюсту айыл өкмөттүн кеңсесинин алдына коюлсун.
2.Айыл өкмөттүн кеңсесинин алдынан атайын жер бөлүнүп берилсин жана баардык чыгымды көтөрүү жагы арыз ээси Шаршеналиев Алтынбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жетектөөчү адис Н.Аскарбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | И.Кенжебаев |