Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 38/155
Кош-Дөбө айылдык кенешинин депутаттарынын “Этикалык Кодексин кабыл алуу жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жоболоруна таянып, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин толук талкулоонун негизинде Кош-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодекси кабыл алынсын.
2. Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексинин, так аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчыга тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Кош-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жоопту катчыга милдеттендирилсин.
Төрага | И.Кенжебаев |