Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2021-жылдын 1 январы № 8/1
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024- жылдарга
долбоорун жактыруу жөнүндө
А.Масалиев айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – М.Исажановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджети киреше булагы 24939,8 миң сомго жана чыгаша булагы 24939,8 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше 26754,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 26754,5 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше 26983,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 26983,5 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге( эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
6. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети 2022-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |