Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
2022-жылдын 31-январы №9/1
Аудиттин жыйынтыгын талкулоо жөнүндө
Мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдоо жагы айыл өкмөт башчысы тарабынан колго алынсын.
Айыл өкмөттүн негизги каражаттарынын жана материалдык баалуулуктарынын толук сакталышы көзөмөлгө алынсын.
Кемчиликтер боюнча бюджетке төлөнгөндүгү белгиленди.
Бюджетти аткарууда кетирген кемчиликтер боюнча тиешелүү кызматкерлерге тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн
Төрага: |
Б. Төрөбеков |