Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
2022-жылдын 31-январы №9/2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024 –жылга болжолдуу долбоорун бекитип берүү жөнүндө.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет- финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Кызыл-Туу айылдык өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча-кошумча уведомлениелери менен №1 тиркемеге ылайык,канааттандырарлык деп табылып,бекитилсин.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 4 041,4 (төрт миллион кырк бир миң төрт жүз) сом. Тендөөчү грант 3 063 000 (үч миллион алтымыш үч миң) сом.Жалпы бюджет 7104,4(жети миллион бир жүз төрт миң төрт жүз)сом,жайыт ижарасы жана салыктардын суммасы кошулуп 7 218 800 (жети миллион эки жүз он сегиз миң сегиз жүз) сом суммасында, № 2 тиркемеге негиз,бекитилсин.
Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 114 400(бир жүз он төрт миң төрт жүз) сом Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык үчтөн бир бөлүгү 38,12 (отуз сегиз миң бир жүз жыйырма) сом айыл өкмөттүн бюджетине, калган бөлүгү 76,3(жетимиш алты миң үч жүз) сом 704 бөлүмүнүн 2215 статьясына чегерилсин.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2,3,4,5,6,7-тиркемелерге ылайык 7 218 800 (жети миллион эки жүз он сегиз миң сегиз жүз) сом менен бекитилсин.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше бөлүгүнүн 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоору №8 тиркемеге негиз жактырылсын.
Республикалык тендөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга жана 2023-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3-пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,коммуналдык чыгымдарга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
Айыл өкмөттун бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1% га чейинки же болбосо 72,2(жетимиш эки миң эки жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн резервдик фондусу түзүлсүн.
КР Бюджет Кодексинин 110 –беренесине ылайык калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүгө кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чегинде 175,0 (бир жүз жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча 200 000(эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
Жол-Сай айылынын айыл башчысынын эмгек акысы айыл калкынын санынын көптүгүнө байланыштуу айыл башчы штаттык бирдигинин 50 пайыздан эки кызматкерге бөлүнүп берилсин.
Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы Д.Арстанбековго милдеттендирилсин.
Токтом www.kyzyl-tuu.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага: |
Б. Төрөбеков |