Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
2022-жылдын 31-январы №9-3
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнөн 2022-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү айылдык кенешинин бюджет мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундагы негизинде сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөттүн 2021-жылдынкиреше бөлүгүнөн 2022-жылга калган 1535 900(бир миллион беш жүз отуз беш мин тогуз жүз ) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
- Жапаркул мамлекеттик жаратылыш паркына Мамлекеттик акт алууга –30мин сом;
- Кассанын накталай акчанын көлөмү-175 миң сом;
- Айыл өкмөтүнө Камаз автоунаасын алууга—427,8 миң сом;
- Муниципалдык кызматкерлерди жана депутаттарды окууларга жөнөтүү үчүн 72,8 миң сом;
- Жол-Сай айылына Кой-Ата мазарына Мамлекеттик акт алууга—30 миң сом;
- Кызыл-Туу –Кербен жолундагы Боз үйдүн жанындагы бош жаткан жерге таш талкалагыч аппарат курууга Мамлекеттик акт алууга—15 мин сом;
- Кызыл-Туу айылына бүтпөй калган пластик калдыктарын престөө навесине керектелүүчү материалдарды алууга;
- Сел коркунучун алдын алуу үчүн Кой-Ата каналынын башындагы сел өтмөктү ремонттоого 6 тонна цемент алууга—45 000 сом;
- Э.Арстанбаев мектебине ысык уюштуруу үчүн ремонтуна материалдарды алууга ---200 000 сом;
- Жыл ичинде ар түрдүү баннерлерди даярдоого—15 000 сом;
- Эл жана турак жай каттоону жүргүзүү үчүн сапар чыгымдарына—10 000 сом;
- Эл жана турук жай каттоону жүргүзүү үчүн тамак –ашына –13 000 сом;
- Эл жана турук жай каттоону жүргүзүү үчүн бензинге---10 000 сом;
- Эл жана турук жай каттоону жүргүзүү үчүн баннер даярдоого—4 000 сом;
- Лицейге жана анын айланасындагы тургундарга суу түтүкчөсүн алып берүүгө—70 000 сом;
- Айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн солярка алууга—100 000 сом;
- Айыл өкмөттүн имаратына бир жыл ичинде колдонуучу электр приборлорун алууга—5000 сом;
- Аркыт айылындагы Келте-Сай участкасындагы Күйдүргү очогун дезинфекциялоо үчүн хлор алууга---20 000 сом
- Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө аскерге милдеттүүлөрдүн ичинен резервдик командада турган чыныгы аскердик кызматтан өткөн 28 аскерди 2022-жылдын апрель айында Ала-Бука районунда чон масштабдагы аскердик машыгууга алып,барып келүүгө ---28 900 сом;
- Майыптар күнүнө---15 000 сом;
- Мектеп окуучуларын ар кандай конкурстарга алып барууга—15 000 ;
- Жарым жетим 5 баланы жайкы эс алууга жөнөтүүгө—30 000 сом ;
- Депутаттык корпуска кондиционер,замок,шкаф алууга---40 000 сом;
- Жол-Сай айылындагы суу каналга 4 шт.кольцо алууга---20 000 сом;
- Жылгын айылынын Пайгамбар-Сай участкасына 1 км.суу түтүкчө алууга --25 000;
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнөмилдеттендерилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы Д.Арстанбековго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Төрөбеков |