Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
2022-жылдын 31-январы №9-5
Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин социалдык,билим берүү,маданият,спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Шерматовдун КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы,полковник Абдулнасыр Исаевич Закировго Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жонүндөгү корутундусун угуп ,талкуулап,сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Закиров Абдулнасыр Исаевичке Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Б.Төрөбеков |