Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXII сессиясы
2020-жылдын 14-сентябры №32/2
Сон-Көл айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 13-январь 2020-ж. №29/4 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 1-январга карата Сон-Көл айыл айымагынын айыл өкмөтүнүн эсеп-счетунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү 13-январь 2020-ж.№29/4 Токтомунда бөлүнгөн акча каражаты,коронавирус илдетине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай калгандыктан башка статьяларга жылдыруу боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 1-январга карата Сон-Көл айыл айымагынын айыл өкмөтүнүн эсеп-счетунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү 13-январь 2020-ж.№29/4 Токтомундагы Аппарат тармагынын-2221ст.”Төлөк айылынын сугат сууларын оңдоого”- 600000с
2221ст.”Көпүрөлөрдүн курулушуна”—539696с
2215ст.”Жетим балдардын депозиттик эсебине”-60000с которулсун
2. Аппарат тармагындагы 2215ст”19-май Энелер күнүнө карата”-10000с
“1-Июнь Балдарды коргоо күнүнө карата”-15000с
“Эгемендүүлүк күнүнө карата”-5000с,
“Туберкулез жана ар кандай жугуштуу ооруларга”-4000с
“Ар кандай долбоорлорго жана архитектуралык сметалар үчүн”калган -320000с
Маданият тармагындагы -3315ст.”Клубга кийим чечүүчү бөлмө курууга”-80 000с
3112ст.”Клубга брон эшик алып орнотууга”-14000с
Аппарат тармагынын 2221ст.”Төлөк айылынын сугат сууларына латокторду сатып алууга”-140000с, 2221ст.”Төлөк айылынын сугат сууларынын сооружениелерин ремонттоого “-40000сом которулсун.
3. Бөлүнгөн ака каражатын тендердин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге,ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге тапшырылсын.
Төрага: | А.Жакыпов |