Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2020-жылдын 14-сентябры №32/3
Сон-Көл айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 13-январь 2020-ж. №29/3 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 1-январга карата Сон-Көл айыл айымагынын айыл өкмөтүнү эсеп-счетунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү 13-январь 2020-ж.№29/3 Токтомунда бөлүнгөн акча каражаты,коронавирус илдетине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай калгандыктан башка статьяларга жылдыруу боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл өкмөтүнүн2018-жылдын бюджетинин аткарылышы,2020-жыл үчүч бюджетин жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгү 13-январь 2020-ж.№29/3 Токтомундагы
Аппарат тармагынын 2215 ст. “Ар кыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу”-бөлүгөн акча каражатынын-250000 сомду : Агартуу тармагынын-2221 ст.”Сон-Көл орто мектебинин чатырларын алмаштырууга” которулсун.
2. Бөлүнгөн ака каражатын тендердин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге,ФЭБ башчысы К.Мүзүралиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Жакыпов |