Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-майы №1/7
Терек айылдык Кеңешинин 2021- жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу ” мыйзамына ылайык Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2021-жылга карата Терек айылдык Кеңешинин жылдык иш планы бекитилсин:
I квартал
Терек айыл өкмөтүнүн финансы –экономикасынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бѳлүктѳрүн бекитүү.
2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга жергиликтүү бюджеттен үнѳмдѳлгѳн акча каражатын бекитүү (О.Ажымамбетова)
Мекеме жетекчилеринин отчету (мектеп, бала бакча, ФАП, почта, клуб, китепкана, соц адистер, СООППВ)
Ар кандай маселелер
II квартал
Тарифтерди бекитүү ( жазгы талаачылык иштер боюнча, техникалардын услугасы, жайыт акы, бада акы, мончо, таза суу).
Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият боюнча тармактык комиссиянын отчету.
Коомдук уюмдардын отчету ( КААБ, аксакалдар соту, аялдар кенеши, карыялар кенеши, жаштар уюму)
Ар кандай маселелер
III квартал
Агрардык реформа, курулуш, жол жана транспорт маселелери боюнча тармактык комиссиянын отчету.
Айыл чарба, ветеринария, жайыт , коммуналдык тейлөө боюнча маселелерди кароо.
Ар кандай маселелер
IV квартал
Айыл өкмөт башчысынын жылдык отчету
Бюджет жана финансы, закондуулук укук тартиби тармактык комиссиясынын отчету.
Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарылышы боюнча салык адисинин отчету
Ар кандай маселелер
Төрагалык кылуучу: | Ж. Ажиева |