Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 4-9-2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын чегиндеги «Доңуз» участогунан «Urankai Coal Company» (Уранкай Коал Компани) жоопкерчилиги чектелген коомуна, геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,60 жана 61-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.04.2006-жылдагы №261 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө» жобонун жана Кыргыз Республикасынын 09.08.2012-ж №160 жана 24.05.2014-ж №77 мыйзамынын гл. 5, ст 39 негизинде,токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын чегиндеги «Доңуз»участогунан «Urankai Coal Company» (Уранкай Коал Компани) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 22.12.2016-жылдагы 5125-СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 140,52 га жер участогуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31.12.2018-жылга чейин, убактылуу пайдаланууга жер участогу бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Нусуповго тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
Н. Бейшенкулов |