Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 4-10-1
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы,2018-жылдын бюджетин жана 2019-2020-жылдар үчүн бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Саятчинованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы киреше 6345,9, чыгаша 5662,9 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 5684,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Мунун ичинен
Теңдештирме грант 4128,0 миң сом.
Салык кирешелер 1556,0 мин сом деп бекитилсин анын ичинен атайын каражат 100,0 миң сом.
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын киреше жана чыгаша бөлүгү 5684,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
АУП-3265,6 мин сом
Маданият-130,1мин сом
Билим берүү-1805,0мин сом
Атайын каражат-150,0
2.2019-жылдын бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша бөлүгү 5742,2 миң сомго,
анын ичинен теңдештирме грант 4150,2 миң сом,салыктын көлөмү 1592,0 миң сом чыгашалары 5742,2 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
3.2020-жылдын бюджетинин долбору киреше жана чыгаша бөлүгү 5667,0 миң сом
анын ичинен теңдештирме грант 4035,0 миң сом,салыктын көлөмү 1632,0 миң сом, чыгашалары 5742,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц.фонд, тамак аш коммуналдык чыгым жана башкаларга) каражат бөлүнсүн.
5.Айыл өкмөтүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды лимиттен чыкпай үнөмдөө жана сапаттуу пайдалануу, ысырапкорчулука жол бербөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Саятчиновага тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнун башчысы Б.Кыдырмаевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Бейшенкулов |