Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 4-10-2
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин үнөмдөлгөн каражаты жалпы 261886 миң сом 87 тыйын, ушул каражатты чыгымдоо жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынын суммасы 261886 миң сом 87 тыйын болгондугу белгиленсин.
2.Жогорудагы үнөмдөлгөн акча каражат Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы кичи футбол аянтчасынын куруу үчүн өздүк салымына 261886 миң 87 тыйын которулсун.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге жана башкы бухгалтери Ж.Саятчиновага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Бейшенкулов |