Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 4-10-5
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү максатында, айыл өкмөтү Б.Кыдырмаевдин сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеши,токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы сугат,кайрак жерлердин жер салыгы 2 эсеге көтөрүлсүн.
2.Дыйкан чарба мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кирешелер боюнча жетектөөчү адис С.Шамсиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Бейшенкулов |