Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2021-жылдын 31-январы № 8/4
А.Масалиев айыл аймагындагы мыйзамсыз жеке турак үйлөр салынып калган жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 30.11.2021-жылдагы №25-4846, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 10.12.2021-жылдагы протоколдук тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун 2022-жылдын 10-январындагы №1-тескемесин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 14-январындагы №01-12/8 сандуу телефонограммасын аткаруу максатында жана өкмөт башчы Д.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы ( айдоо-сугат, айдоо-кайрак, көп жылдык бак, жайыт жана ж.б) жер аянттарына өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү мыйзамдаштыруу жагы жактырылсын.
2. А.Масалиев айыл аймагындагы өз алдынча курулган жеке турак үйлөрдүн жана участкаларын ээлеген жалпы 229,17 га жер аянттын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
Төрага |
Т. Галботоев |