Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2022-жылы 9-февралы №4
Достук айылындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын жашоочуларынын арызын жана мыйзамуулук боюнча комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы:
“Достук-3” көчө “Абдирайым казы” атындагы көчө,
“Достук” көчө “Молдо Нармат” атындагы көчө,
“Достук-1” “Абдилла Ажы” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом 2022-жылдагы «Эл жана турак жай фондун каттоо” аяктагандан кийин күчүнө кирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Торагасы: |
Ж. Шадиманова |