Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI
сессиясы
2022-жылы 9-февралы №5
Кара-Бак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке Кара-Бак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Баткен облусунун жана Кара-Бак айыл аймагынын чек арасын коргоого кошкон зор салымы үчүн , КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Төлөнбаев Кыялбек Жоробаевичке Кара-Бак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн тапшырылсын.
Төрага: |
Ж. Шадиманова |