Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2022-жылы 9-февралы №7
Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна – 2,0 га жер аянтын, ал эми Стадион жана көк бөрү ат-майданын куруу үчүн 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылылынын Курук-Сай участкасынан социалдык объектилерге ташталган жер аянтынан Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна – 2,0 га жер аянтын, ал эми Стадион жана көк бөрү ат-майданын куруу үчүн 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Төрага: |
Ж. Шадиманова |