Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2022-жылы 9-февралы №10
Айылдык кеңештин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы Ж.Шадиманованын билдирүүсүн угуп талкуулап айылдык кеңештин 2022-жылга карата иш планын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылдык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин (2 барак тиркеме тиркелет).
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго жүктөлсүн.
Төрага: |
Ж. Шадиманова |