Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-октябры № 19/VI-28
«Муниципалдык менчиктин объектилерин ишке ашыруу жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңеши Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 беренесине ылайык, Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобонун 3-пункту менен (мындан ары - Жобо),бааланган транспорт каражаттары жөнүндө угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү буюмдарды аукциондо сатууга макулдук берилсин:
-Ниссан-премьера маркасындагы автоунаа, 2001-жылы чыгарылган, көлөмү 1990 В, түсү күмүш, мамлекеттик номуру 0096 SG, баштапкы баасы 58 500 миң сом;
-жүк ташуучу ГАЗ 66, 1990-жылы чыгарылган, көлөмү 4250 Б, түсү күрөң-жашыл, мамлекеттик номуру 2459 SK, баштапкы баасы 57 936 сом.
2. Аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча аукциондук комиссия ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Жобого ылайык сатууну жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |