Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 22-VII/28
"Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин "Киршелк айылындагы Мичурин көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн Ысык-Ата районунун үлүштүк (дем берүүчү) грантына өздүк салым 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Люксембург айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2022-жылга карата "Киршелк айылындагы Мичурин көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.
2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоону карап берүүгө өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык 25% өлчөмүндөгү салымды Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 000 000(бир миллион)сомду кошооруна кепилдик берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |