Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 28/VII-28
“Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан кыймылсыз мүлктү Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”
Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин балансына суткалык бөлүштүрүү бассейндери: №239 контурунун жалпы аянты 2,8 га, №87 контурунун жалпы аянты 6,1 га, №101 контурунун жалпы аянты 0,7 га, Люксембург айылы, Строительная көчөсү н/ж, скважинанын жалпы аянты 992,5 чарчы метр, Люксембург айылы, Центральная көчөсү 15а, скважинанын жана суу мунарасынын жалпы аянты 42,70 чарчы метр, идентификациялык коду 7-04-13-003-0845 болгон Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маалыматын талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан төмөнкү объекттерге Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
а) Люксембург айылы суткалык бөлүштүрүү бассейни №239 контуру жалпы аянты 2,8 га;
б) Киршелк айылы суткалык бөлүштүрүү бассейни №87 контуру жалпы аянты 6,1 га;
в) Киршелк айылы суткалык бөлүштүрүү бассейни №101 контуру жалпы аянты 0,7 га;
г) Люксембург айылы, Строительная көчөсү н/ж, скважинанын жалпы аянты 992,5 чарчы метр;
д) Люксембург айылы, Центральная көчөсү 15а, скважинанын жана суу мунарасынын жалпы аянты 42,70 чарчы метр, идентификациялык коду 7-04-13-003-0845 .
2. Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан жогорудагы көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, андан аркы иштөөсүн камсыздоо үчүн, тиешелүү штаттык бирдик кармоого жана кийинки оңдоп-түзөөгө сарпталуучу каражат жергиликтүү бюджеттин каржылоосунун эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Люксембург жана Киршелк айылдарында жайгашкан жогорудагы көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктөрүн Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү Люксембург айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
4.Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысына Э.Буйляшевге жүктөтүлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |