Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2022-жылы 9-февралы №12
Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБ боюнча арызды кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБнын ишмердүүлүгү жөнүндө Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Бел айылынын келечек кварталынын тургундары бир жылга таза суу акысы төлөөдөн бошотуу жагы Кызыл-Конуш ИСКАКБна сунушталсын.
2.Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Конуш ИСКАКБ кайрадан ин ивентаризациялансын.
3.Кызыл-Бел айылынын таза суу тарифи ар бир жанга 1 айлык таза суу акысы 13 сомго бекитилсин.
4.Кызыл-Конуш ИСКАКБ ревизиялык комисииясын түзүп мындан ары ар жыл сайын элге отчёт берип турсун.
5.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетине жүктөлсүн.
Төрага: |
К. Шайлдабеков |