Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI Сессиясы
2022-жылы 9-февралы №13
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга карата аткарылышы, 2022-жылга карата бюджетинин, жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата такталган бюджетинин планы 26077,2 миң сомго, аткарылышы факт 28055,4 миң сом суммасында 107,6 % га же болбосо 1978,2 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы бекитилсин.
2.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23308,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 23308,1 миң сом суммасында бекитилсин.
3.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22153,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22153,7 миң сом суммасында бекитилсин.
4.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2024-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22312,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22312,7 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин
Төрага: |
Ж. Шадиманова |