Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры № 33
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында 21,07га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, “КЫРГЫЗМАМЖЕРДОЛБООРЛОО” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2021-жылдын 13-декабрындагы №01-18/1430 номурдагы аныктамасынын негизинде Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына 21,07га жер аянтына жол салуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабына жол салуу максатында 21,07га жер, анын ичинен: №311-контрунда жайгашкан 2,47га жер аянты шагал, №297-контрунда жайгашкан 3,41га жер аянты башка жерлер (камни), №310-контрунда жайгашкан 1,60га жер аянты башка жерлер (камни), №461-контрунда жайгашкан 0,63га жер аянты башка жерлер (камни), №462-контрунда жайгашкан 3,53га жер аянты башка жерлер (камни), №464-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка жерлер (камни), №282-контрунда жайгашкан 0,66га жер аянты таштуу жайыт жер, №460-контрунда жайгашкан 1,46га жер аянты таштуу жайыт жер, №453-контрунда жайгашкан 1,30га жер аянты таштуу жайыт жер, №450-контрунда жайгашкан 1,20га жер аянты башка жерлер (камни), №443-контрунда жайгашкан 1,98га жер аянты башка жерлер (камни), №442-контрунда жайгашкан 0,60га жер аянты таштуу жайыт жер, №373-контрунда жайгашкан 0,47га жер аянты башка жерлер (камни), №362-контрунда жайгашкан 0,08га жер аянты Сох дарыясы (башка бирөөнүн пайдалануусундагы жер), №372-контрунда жайгашкан 0,10га жер аянты башка жерлер (прочий), №369-контрунда жайгашкан 0,98га жер аянты таштуу жайыт жер, №270-контрунда жайгашкан 0,13га жер аянты жайыт жер, “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылына караштуу “Кыркымкана” участкасынан баштап Жаңырык айылындагы Кожо-Ашкан дариясынын түндүк жээги тарабындагы 21,07га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: |
Р.Сайкалова |