Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры № 34
Жаңы-Жер айылынын көчөсүнө А.Кудайназаровдун атын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жер айылына тургуну маркум А.Кудайназаровдун атын ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Жер айылынын тургундарынын 2021-жылдын 8-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылыт:
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын мурдагы Көк-Жер көчөсүнө Кудайназаров Айткозунун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
Р. Сайкалова |