Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-февралы № 35
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участогуна цемент завод куруу масатында келишимдин негизинде 10.0га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участогуна завод куруу масатында 10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тунук-Суу айылындагы эски кыркымкана участогундагы 10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен цемент завод куруу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. 10,0га жер аянтын келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөт менен цемент завод куруу үчүн мыйзамдуу иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | Р. Сайкалова |