Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 1
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун 2022-жылдын 10-январындагы №1-тиркемесин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 14-январындагы №№01-12/2 сандуу телефонограммасын жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 14-январындагы №04б сандуу буйругун аткаруу максатында Дара айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз курулган курулуштарды тактоо боюнча Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы өз алдынча курулган мыйзамсыз курулуштардын жер участокторунун аянты 0,10га өлчөмүндө бекитилсин.
Кадастр мамлекеттик мекемесинин адистери менен биргеликте Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды тактоо иштери жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Тѳрага: |
Р. Сайкалова |