Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 2
Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жана мекеме ишканалардын имаратын курууга 10,0га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жана мекеме ишканалардын имаратын курууга 10,0га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын кун чыгыш тарабындагы өндүрүштүк аймактын ичинен 10,0га жер аянтын Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жана мекеме иш-каналардын имараттарын курууга жер аянттарын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
Ажыратылган жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилсин.
Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу архитектура башкармалыгынан суралсын.
Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
Р. Сайкалова |