Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 3
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну “Ажибек” дыйкан чарбасынын башчысы Т.Момуновдун өзүнө таандык болгон 6,6га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы “Ажибек” чарбасынан башчысы Т.Момуновдун өзүнө таандык болгон 6,6га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Т.Момуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы Т.Момуновдун өзүнө таандык болгон Ажибек” дыйкан чарбасындагы №323 контурда жайгашкан 1,66 га жер аянты таштактуу жайыт жер, №296 контурда жайгашкан 4,03 га жер аянты таштактуу жайыт жер, №299 контурда жайгашкан 0,91 га жер аянты таштактуу жайыт жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы Т.Момуновдун өзүнө таандык болгон 6,6га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | Р. Сайкалова |