Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 8
Чек айылынын көчөсүнө Т.Келдибековдун атын ыйгаруу жөнүндө
Чек айылынын тургуну маркум Т.Келдибековдун атын ыйгаруу жөнүндөгү Чек айылынын тургундарынын 2022-жылдын 19-январындагы жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылыт:
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чек айылынын мурдагы Айдаркен көчөсүнө Келдибеков Токтордун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
Р. Сайкалова |