Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 10
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы Эргешов Аманбай Мамытовичтин өзүнө таандык болгон 0,30га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы А.Эргешовдун өзүнө жеке менчигине таандык болгон 0,30га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы А.Эргешовдун өзүнө жеке менчигине таандык болгон №242-контурундагы жайгашкан 0,30 га жер аянты таштуу жайыт жерлер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы А.Эргешовдун өзүнө жеке менчигине таандык болгон 0,30га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: |
Р. Сайкалова |