ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXVII - сессиясы
2021-жылдын 04-майы № 5
Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү (Миңбаев Эрнис атындагы бала бакчасына кошумча имарат куруу, жащы ачылып жаткан 3 (үч) сааттык бала бакчанын тарбиячыларына 3 (үч) айлык эмгек акыга кепилдик берүү) киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги: Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү (Миңбаев Эрнис атындагы бала бакчасына кошумча имарат куруу, жащы ачылып жаткан 3 (үч) сааттык бала бакчанын тарбиячыларына 3 (үч) айлык эмгек акыга кепилдик берүү) киргизүү боюнча Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Чаек айыл аймагында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында (3 сааттык) ачыла турган бала бакчаларда иштей турган 7 тарбиячынын алгачкы эмгек акыга кыска мөөнөттүү акыларын төлөп берүү жагы кепилдик берүү айыл өкмөткө тапшырылсын.
2. ЖКХ бөлүмүнүн атайын счетундагы 2020-жылдан үнөмдөлгөн, аялдамаларды курууга багытталган 354,0 миң сом акча каражаты Миңбаев Эрнис атындагы бала бакчанын кошумча имаратын салууга багытталсын. Жетишпеген акча каражаттарынын булактарын табуу Чаек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Алымкуловго жүктөлсүaн.
Төрага | У.Жунушалиев |