Редакцияот 08/04/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXVII - сессиясы

2021-жылдын 08-апрели № 1

Жумгал райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосуна, Чаек айыл өкмөтү тарабынан даярдалып жаткан долбоорлорун бекитип берүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги :  Чаек  айыл өкмөтүнүн 2021-жылга  Жумгал  райондук  өнүктүрүү  фондусуна, Чаек  айыл өкмөтү  тарабынан  даярдалып  жаткан  долбоорлорду  бекитип берүү жөнүндөгү   билдирүүсүн угуп  жана  талкуулап, Чаек айыл аймагынын  айылдык  Кещешинин   депутаттарынын кезектеги сессиясы токтом  кылат :

1. Жумгал  райондук  өнүктүрүү  фондусунан  каржылануучу, “Чукур-Аксеки айылындагы  кичи  футбол  аянтчасына  газон төшөө”, “ Шортон  айылындагы   кичи  футбол  аянтчасына   газон  төшөө”  жана  “ Беш-Терек  айылындагы  кичи   футбол аянтчасына  газон  төшөө”,  “Чаек  айылындагы  М.Алыбаев  көчөсүнө  күрөш  залын  куруу”, “ № 26- Кесиптик  лицейдин  ашпозчу- кондитер   кесибине  жабдууларды  алуу”, “ Кара-Жээк- Беш-Терек  айылдарына  түнкү  чырактарды  орнотуу”, “ Жумгал  райондук  Соң-Көл  маданият  үйүнө  жабдууларды  алуу” жана  “ Жумгал   Медиа  борборуна  жабдууларды  алуу”, “ Жумгал  Медиа  борборуна  жылуулук  тармагын  жана  таза  суу   түтүгүн  киргизүү” долбоорлору бекитилсин  жана  колдоого  алынсын.

2.  Аталган  долбоорлор  Жумгал  райондук  өнүктүрүү  фондусунун  каржылоосуна  жиберилсин.

3.  Бул   токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы  Чаек  айыл   аймагынын  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Р.Т. Алымкуловго  тапшырылсын.

 

Төрага

У.Жунушалиев