ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXVII - сессиясы
2021-жылдын 08-апрели № 2
Жайыт акынын тарифтерин бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги , Чаек жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин, жайыт акысынын тарифтерин бекитүү боюнча Чаек айылдык Кещешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Чаек айыл аймагында жайыт акысынын тарифтери бекитилсин.
- Айыл тургундары малдарын баккандыгы үчүн чабандарга Кой-эчкинин башына 40 сомдон. Бодо малдарга 400 сомдон болду. Тузу ичинде.
Жайыт акы жандык малга 12 сом, Бодо малга 60 сом.
Ички тартип:
1.Жаздоого көчүү 5-10-апрелге чейин.
2.Жайлоого көчүү 25- май айынан 10-июнга чейин.
3. Күздөөгө көчүү 25-сентябрь. Кыштоого көчүү 20- ноябрь күндөрү белгиленсин.
4. Кыштоого көчүү 20-ноябрь күндөрү белгиленсин.
5. 10-апрелден баштап корук уюштурулсун.
6. 10-апрель 2021 –жылдан баштап корукка түшкөн бодо малдарга бир жолу түшсө 500 сом, жандык малга бир башка 50 сом же келтирилген чыгым эсептелип, айыл өкмөтүнүн комиссиясы тарабынан өндүрүлсүн.
Ал эми малчыларга -
-күздөөгө белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп же көчпөгөн малчыларга бодого -250 сом, кой-эчкиге 50 сом айып белгиленген. Чабандарга 3 сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилсин жана баш ийбеген чабандарга 10 000 миң сом өлчөмүндө айып төлөнсүн .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтунүн башчысы Р.Т.Алымкуловго жүктолсүн.
Төрага | У.Жунушалиев |