Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXV-сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жалпы кирешесинин 26400.5 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 26406.4 миң сом өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин: киреше чыгаша бөлүгү Салык кирешелеринин көлөмү 26650,5 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 2210,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 30089.5 миң сом, 2023-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 31069.5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | У.Жунушалиев |