Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXV-сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин салык жана салык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 6525973.9 миң сом жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 642294.03 миң сом, бардыгы 7168267.93 миң сом өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнън сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 7168267.93 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
1.1. Ар кандай чыгымдар (2215)-беренеси боюнча
1.Валейбол турнир өткөрүүгө-35000 сом.
2.Врачтардын комуслугасы-36000 сом.
3.Технадзордун кызматтарына -45000 сом.
1.2. Эмгек акы (2111) беренеси боюнча Корукчулардын эмгек акысына-100000 сом.
1.3. Соц.фонд (2121) беренеси боюнча корукчулардын эмгек акысына соц.фондго чегеръъ-17,25%-17250 сом.
1.4. Учурдагы ремонт (2221) беренеси боюнча Үч кампа Караталдын үйүнүн тушундагы каналды ондоо-200000 сом.
1.5. Учурдагы ремонт (2221) беренеси боюнча Бештерек айылындагы жарыктарды ондоо-20000 сом.
1.6. Учурдагы ремонт (2221) беренеси боюнча Актатыр күрөш залынын жылуулугун ондоо-45000 сом.
1.7. Электр энергиясы (2231) беренеси боюнча Мугалимдерге электр энергиясы үчүн 350с*393 киши-137550 сом.
1.8. Социалдык иш чаралар (2721) беренеси боюнча Жардам сураган Чаек айылынын тургундарына жардам (протоколдогу тизме менен)-120173.9 сом.
1.9. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Жаны спорт залдын курулушунун долбооруна өздүк салым-4000000 (төрт млн сом)
1.10. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча М.Алыбаев жана Турсунбаева орто мектептеринин ортосуна минифутбол аянтчасын ондоого-270000 сом.
1.11. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Чукур-Аксеки айылына минифутбол аянтынын курулушу долбооруна өздүк салым-500000 сом.
1.12. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Шортон айылына минифутбол аянтынын курулуш долбооруна өздүк салым-500000 сом.
1.14. Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Бештерек айылына минифутбол аянтынын курулуш долбооруна өздүк салым-50000 сом.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 2020-жылдагы бюджетинин салык эмес киреше-чыгашалардын ашкан каражаттары төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
2.1. АУПтун атайын счету боюнча Имараттар жана курулмалар (3111)беренеси боюнча айыл өкмөтүнүн имаратынын от жагуу бөлмөсүн куруу жана жылытуу системасын ондоого-154744,66 сом.
2.2. ЖКХнын атайын счету боюнча- Имараттар жана курулмалар (3111) беренеси боюнча Чаек айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсүнө аялдамаларды курууга-351924,87 сом.
2.3. Бала бакчалардын атайын счету боюнча Тамак-аш (2218) беренеси боюнча Чаектеги бала бакчалардын тамак-аш чыгымдарына-116784,5 сом.
2.4. Бала бакчалардын атайын счету боюнча тамак-аш (2218) беренеси боюнча Бештеректеги бала бакчанын тамак-аш чыгымдарына-18840 сом.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | У.Жунушалиев |