Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 2
Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин айыл чарбасы,жер,турак жай,курулуш,өнөр жай,энергетика,жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айылдык Кенешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы 1-сессиясынын №4 Токтому менен түзүлгөн айыл чарбасы,жер,турак жай,курулуш өнөр жай энергетика,жаратылышты коргоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясынын курамына Чаек айылдык Кенешинин депутаты Какелеев Таалайбек комиссия мүчөсү болуп киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы
Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
|