Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXII-сессиясы
2020-жылдын 18-декабыры № 1
Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл өкмөтү” конкурсунда 3-орунду женип алгандыгы үчүн берилген сыйлык жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 9-апрель 2013-жылдагы №181 Токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 22-июль 2015-жылдагы №323 буйругу менен түзүлгөн жалпы республикалык конкурсттук комиссиянын чечими менен Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл өкмөтү” конкурсунда 3-орунду женип алгандыгы үчүн берилген 500,0 (Беш жүз мин) сом акчалай сыйлык жөнүндө Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап,Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл өкмотү” конкурсунда 3-орунду женип алгандыгы үчүн берилген 500,0 (Беш жүз мин)сом акчалай сыйлык 2020-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнө кошумча планга киргизилип, АУПтун Ар кандай чыгымдар (2215) беренесинен, “Таза Чаек” муниципалдык ишканасынын эсебине материалдык техникалык базасын чындоо үчүн субсидия катары которулуп берилсин.
2. Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты айыл өкмөтү” конкурсунда 3-орунду женип алгандыгы үчүн берилген 500,0 (Беш жүз мин)сом акчалай сыйлык Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин макулдугу менен гана чыгымдалсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго тапшырылсын.
|