Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 2
“Бешик-Жон айыл аймагында коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айыл аймагынын “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Сатар уулу Азатбектин КАИАнын уставын бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Бешик-Жон айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо, бекитүү боюнча Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (КАИА) 2021-жылдын 21-июнундагы жалпы чогулушунун №1 протоколу менен бекитилген уставы айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн жана бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Акматалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Чолпонбаев
|
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2021-жылдын «09» август №______ токтому менен БЕКИТИЛДИ
| Бешик-Жон айыл аймагынын КАИАнын делегаттарынын Конференциясын жалпы чогулушунун «______» ________________ 2021-ж. №___ протоколу менен БЕКИТИЛДИ
|
Жалал-Абад областынын
Базар-Коргон районунун
Бешик-Жон айылдык аймагынын
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын
Бешик-Жон айылы - 2021-ж.
I. Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Жалал-Абад областынын, Базар-Коргон районунун, Бешик-Жон айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы»;
- расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» Бешик-Жонского айыльного аймака Базар-Коргонский района Жалал-Абадской области.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: Бешик-Жон айылдык аймагынын КАИА;
- расмий тилде: ИАСС Бешик-Жонского айыльного аймака.
3. Бешик-Жон айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы, Масабиров А. көч.№7.
4. КАИА өз ишмердүүлүгүн Бешик-Жон айылдык аймагында жүргүзөт.
5. КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
6. КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
7. КАИА юридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болуп саналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеӊеште катталат.
II. КАИАнын максаттары жана иш-милдеттери.
8. КАИАнын түзүлүү максаттары:
- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
9. КАИАнын иш-милдеттери:
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктайт;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын, жылдык жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана жаштардын өнүгүү планын иштеп чыгуу;
- КАИАтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;
- Өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоо;
- Айылдык кеӊештин жергиликтүү маселелерди талкуулоосуна катышууга;
- Делегаттардын Конференциясынын жана айылдык чогулуштардын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзө алат.
III. КАИАнын укуктары жана жоопкерчилиги.
11. Тиешелүү жергиликтүү кеӊеш жана аткаруучу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
12. КАИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга;
13. КАИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ;
- КАИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар КАИАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
14. КАИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
IV. КАИАнын башкаруу органдары.
15. КАИАнын башкаруу органдары:
- Жогорку орган – делегаттардын Конференциясы;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Көзөмөлдөөчү орган - ревизиондук комиссиясы.
V. КАИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары.
16. КАИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, КАИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам КАИАнын мүчөсү болот;
17. КАИАнын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
18. КАИА мүчөлөрү добуш берүү укугу менен КАИАтин делегаттарынын Конференциясына катышууга укуктуу;
19. КАИА мүчөлөрү КАИАтин бардык отурумдарынын жана жыйналыштарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу жана КАИАтин бардык жыйналыштарына жана КАИАтин айрым маселелери боюнча коомдук угууларга катышууга, ошондой эле КАИАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткаруу.
VI. КАИАнын делегаттарынын Конференциясы.
21. Делегаттардын Конференциясы (мындан ары Конференция) жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
22. Кезексиз Конференция КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же ревизиондук комиссиянын өтүнүчү боюнча же КАИАнын мγчѳлѳрγнγн 25%нын демилгеси менен чакырылат;
23. Конференцияны өткөрүү үчүн шайланган делегаттардын кеминде 2/3 катышкан учурда кворум бар деп эсептелинет. Кворум жок болгон учурда, КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;
24. Бардык Конференциялар алдын ала даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
25. Он сегиз жашка толгон жана айылда туруктуу жашаган бардык жарандар Конференцияга жана шайлоого катышууга укуктуу;
26. Бешик-Жон айыл аймагында жашабаган, кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке тийиштүү салыктарды төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Конференцияга кеӊеш берүү укугу менен (добуш берүү укугу жок) катыша алышат;
27. Конференцияга катышуу үчүн ар бир айылдан бирдей сандагы 25 делегат шайланат, анын ичинен КАИАнын мүчөсү катары бекитилген жана айылдын кызыкчылыгын коргоо үчүн ИАССтын аткаруучу органына 17 талапкерди (50%ы аялдар) жиберишет. Айыл өкмөт башчысы КАИА АКнын мүчөлүгүнө кызмат абалы боюнча кирет.
28. Биринчи Конференцияны делегаттардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары, Конференция жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жана андан кийинки бардык Конференциялар улантылат;
29. Биринчи Конференциянын күн тартибине КАИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана КАИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
30. Чечимдер Конференциянын катышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
VII. КАИАнын делегаттарынын Конференциясынын компетенциясы.
31. Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- КАИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- КАИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- КАИАнын долбоорлорун бекитүү;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- КАИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- КАИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. КАИАнын аткаруу комитети.
32. Аткаруу комитет КАИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта КАИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу орган КАИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
33. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү, Конференцияда ар бир айылдан келген талапкерлердин арасынан шайланат;
34. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
35. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
- КАИАнын чогулуштарын жана Конференцияларын уюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- КАИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Конференциянын чечимдерин ишке ашыруу.
36. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга/Жалпы чогулушка отчет берет;
37. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
38. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу жыйыны Конференциядан кийин өткөрүлөт, Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда Аткаруу комитетинин төрагасы, анын орун басары жана катчысы шайланат. Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
39. Аткаруу комитетинин төрагасы жана орун басары бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек;
40. Аткаруу комитетинин кийинки жыйындары 7 (жети) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз жыйналыштар КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасынын демилгеси менен же аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
41. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жыйында мүчөлөрдүн 2/3 катышса, компетенттүү деп эсептелет. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму (жетишсиз катышуусу) жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
42. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
43. Аткаруу комитетинин төрагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КАИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин жыйындарын өткөрүү;
- Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда аткаруу комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;
- КАИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
44. Эгерде КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы өзүнүн иш-милдеттерин аткара албай калган учурда, аткаруу комитетинин жаңы төрагасы шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;
45. Аткаруу комитетинин мүчөсүнүн иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын делегаттарынын көпчүлүк добушу менен чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсү ушул Конференцияда бекитилет.
IX. Ревизиондук комиссия.
46. Ревизиондук комиссия КАИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ КАИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Ревизиондук комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;
47. Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү КАИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
48. Ревизиондук комиссиясы башкарууну белгиленген тартипте жүрүшүн көзөмөлдөйт. Жыл аягында ревизиондук комиссиясы отчетун берет жана ал отчет Конференция тарабынан бекитилет;
49. КАИАнын бардык кызмат адамдары ревизиондук комиссиянын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
50. Ревизиондук комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
51. Ревизиондук комиссиянын төрагасы ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Х. КАИАны жоюу жана реорганизациялоо.
52. КАИА ѳз ишин токтотуу КАИАны реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
Бешик-Жон АА КАИАнын
аткаруу комитетинин төрагасы ___________________ Мундузбев Бекназар
(колу) (аты-жөнү)