Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9 -августу № 3
“Бешик-Жон айылындагы спорт комплекс жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы спорт комплексин ишке берүүгө Базар-Коргон райондук спорт комитетине имаратты иштетүүгө өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы спорт комплексин Базар-Коргон райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебине иштетүүгө өткөрүп берүү актысы менен берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Чолпонбаев |