Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 5
“Баймундуз айылынын тургуну Жунусова Гүлмайрам жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылынын тургуну 1группадагы майып Жунусова Гүмайрамдын арызын жана “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылынынтургуну Жунусова Гүлмайрамга Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5000 (беш миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алып акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин..
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин
“Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |