Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 7
“Жумаев Орозбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылынын жаңы көчөсүнө Жумаев Орозбектин ысымын ыйгаруу тууралуу Жумаев Мирбектин арызын жана элдик протоколду угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылынын жаңы көчөсүнө Жумаев Орозбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөдө жайгашкан үйлөргө катар номерлерди жасатып илдирүү жагы Жумаев Мирбекке милдетендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |