Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 9-августу № 10
Бешик-Жон жана Жон айылдарындагы таза суу линиясын капиталдык ремонттон өткөрүү
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы , Бешик-Жон айыл башчысы А.Курбановдун Бешик-Жон жана Жон айылдарына кеткен таза суу линиясын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон жана Жон айылдарына кеткен таза суу линияларын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү Бешик-Жон айыл башчысы А.Курбановдун долбоору жактырылсын.
2. Долбоордук грантка 670 000 сом акча каражаты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Коомчулук жана демөөрчүлөр тарабынан долбоорго элдик салым катары жыйналган акча каражаты “Бешик-Жон –тазалык” муниципалдык ишканасынын эсеби аркылуу 140,0 мин сом төлөнүп берилсин.
4. 13 866 333 мин.сому Жалал- Абад облусунун өнүктүрүү фондунан суралсын.
5. Долбоорду толугу менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко тапшырылсын.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо
жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |