Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 4
“Жердин категориясын которуу(трансформациялоо) жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII сессиясы” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №06-01/321 сандуу катына ылайык Жалал-Абад шаарынын административдик аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №10 жазаларды аткаруу мекемесин шаардан сырткары чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11, 12, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июнундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого” негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын “Сары-Талаа” участкасындагы мамлекеттик менчиктеги №250-контурунда жайгашкан 2,5 га айыл чарба багытындагы жайыт аянтын жайгаштыруунун башка жолдору болбогондугуна байланыштуу “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациалоого) макулдук берилсин.
2. Аталган жердин категориясын которууга (трансформациялоого) тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Чолпонбаев |